FAQ
O!TV — бул популярдуу телеканалдарды жана онлайн кинотеатрларды бир тиркемеге бириктирген видеосервис. O!TV'ни смарт-телевизорго, смартфонго же планшетке орнотсо болот, ошондой эле https://otv.kg сайтында түз эле браузерден көрүүгө болот.
Бир эле жазылууну бир эле учурда 5 түзмөктө колдонсо болот — бул үчүн кошумча акы төлөөнүн кереги жок. O!TV менен эң мыкты нерселер колуңузда: O!KINO, WINK, ETNOMEDIA, START, PREMIER жана RIZANOVA'нын тасмалары жана сериалдары. Жана бул жөн гана контент эмес – бул жаңы деңгээлдеги интеграцияланган көңүл ачуу.
Сапатсыз компромисстерди жана пираттык сайттарды унут. Биз туруктуу берүүлөрдү жана эксклюзивдүү окуяларды сунуштайбыз.
1-кадам. Тиркемени орнотуңуз
O!TV тиркемесин AppStore (iPhone жана iPad үчүн) же Google Play Market (Android үчүн) жүктөп алыңыз, же www.otv.kg веб-порталы аркылуу түз кириңиз — орнотуусуз.
2-кадам. USSD-буйрутма менен керектүү кызматты туташтырыңыз
O!TV — телеканалдар топтомун тандаңыз:
- «O!TV Базовый», 50+ канал — *750*1#, айлык акы 3 сом/күн
- «O!TV Стандарт», 100+ канал — *750*2#, айлык акы 5 сом/күн
- «O!TV Премиум», 200+ канал — *750*3#, айлык акы 9 сом/күн
O!KINO:
- O!KINO — *755*1#, айлык акы 3,5 сом/күн
- O!KINO PREMIUM — *755*2#, айлык акы 7 сом/күн
START — *775*1#, айлык акы 7 сом/күн
ETNOMEDIA — *805*1#, абон. плата 7 сомов/день
WINK — *807*1#, айлык акы 7 сом/күн
RIZANOVA — *808*1#, айлык акы 7 сом/күн
PREMIER — *785*1#, айлык акы 7 сом/күн
3-кадам. Тиркемеге кириңиз
USSD-буйрутма жөнөткөндөн кийин, сизге логин жана пароль менен SMS-билдирүү келет.
O!TV тиркемесине же www.otv.kg веб-порталына Логин жана Паролду киргизиңиз — жана кызмат көрүүгө даяр.
Кызмат бардык түзмөктөрүңүздө жеткиликтүү — сизге ыңгайлуусун тандаңыз.
- Smart TVде — Samsung жана LG сыналгыларында сыналгыңыздын тиркемелер дүкөнүнөн "O!TV" тиркемесин жүктөп алыңыз.
- Смартфондо же планшетте — AppStore же Google Play'ден "O!TV" тиркемесин орнотуңуз.
- Компьютерде же ноутбукта — тиркемени орнотпостон, www.otv.kg шилтемеси аркылуу каалаган веб-браузерден кириңиз.
Эгерде O!TVде контент көрүүдө көйгөйгө туш болсоңуз, төмөнкүлөрдү аткарууңуз керек:
- Кыргыз Республикасынын аймагында экениңизди текшериңиз. Башка өлкөлөрдүн колдонуучулары үчүн тиркеме жеткиликтүү эмес;
- интернетиңиз / мобилдик интернетиңиз иштеп жатканын текшериңиз;
- учурдагы жазылууңуз активдүү экенин текшериңиз. Бул O!TV тиркемесинде, "Жазылуулар" бөлүмүндө, же "Мой О!" тиркемесинде, "Активдүү кызматтар" бөлүмүндө каралса болот.
- эгер жогоруда аталган аракеттер көйгөйдү чечпесе, колдоо бөлүмүнө кайрылыңыз.
Байланыш маалыматтары:
9999 – КР бардык операторлору үчүн акысыз номер. Иштөө режими: күнү-түнү.
Telegram: https://t.me/+996700000999
WhatsApp: https://wa.me/996700000999
www.o.kg сайтындагы онлайн-чат
Сыр сөз кайрадан калыбына келтирүү буйрутмасы: *750*5#
Ооба, кызмат башка интернет-провайдерлердин түйүндөрүндө көрсөтүлөт, бирок O! тармагына тиешелүү болгон активдүү жазылуусу бар номер ийгиликтүү авторизациялангандан кийин гана мүмкүн болот.
- «МОЙ О!» тиркемесинде «Активдүү кызматтар» бөлүмүндө;
- O!TV тиркемесинде «Жазылуулар» бөлүмүндө;
- кызматтан ажыраткыңыз келген телефондон USSD/SMS-буйрутма жөнөтүү аркылуу:
- «О!TV Базовый», «О!TV Стандарт», «О!TV Премиум» — *750*0#
- O!KINO, O!KINO PREMIUM — *755*0#
- START — *775*0#
- ETNOMEDIA — *805*0#
- WINK — *807*0#
- RIZANOVA — *808*0#
- PREMIER — *785*0#