Жалгыз досум
16+
2026Драма16+
Сюжет
Дамир — ийгиликтүү ишкер. Ал эми Азамат Корея Республикасында инженер болуп эмгектенет. Дамирге кол салуу болгондон кийин ал оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшөт. Иликтөө жүрүп жаткан маалда шектүү катары суракка Азамат менен Дамирдин жубайы Чолпон чакырыла баштайт.
Тергөө учурунда Азаматтын, Дамирдин жана Чолпондун мектеп кезиндеги окуялары, ошондой эле алардын бүгүнкү күнгө чейин башынан өткөргөн сыноолору акырындап ачыкталат.
Кылмышкер табылабы? Дамир аман калабы? Жана калган каармандардын тагдыры кандай болот? 🎬✨